12:53
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Кыргызстан 10 ирригациялык долбоорго 5 миллиард сом бөлөт

2025-жылы Кыргызстандын ирригациялык тармагын өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен 5 миллиард сом бөлүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлиги министрликтин башчысы Бакыт Төрөбаевдин Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жыйынтыгында билдирди.

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, бул каражат ирригация тармагындагы 10 ири инвестициялык долбоорду ишке ашырууга жумшалат. Бакыт Төрөбаев Сузак жана Ноокен райондорундагы каналдардын, анын ичинде Чоң-Ноокен каналынын учурдагы абалы менен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө ошондой эле долбоордук-сметалык документтерди бүтүрүү, ресурстарды тактоо, жеринде иштерди тез арада баштоо зарылчылыгы боюнча чечимдер кабыл алынды.

Министрлик белгилегендей, президенттин тапшырмасы менен өлкөнүн суу чарба комплексин модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү максатында ири инвестициялар пландалууда.

Эң көп окулган жаңылыктар