15:59
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Борбордо сугат иштерине уруксат жөнөкөйлөтүлдү

«Бишкексууканал» түнкү саат 00.00дөн таңкы саат 5:00ке чейин короодогу жашыл чарбаны сугаруу боюнча уруксат берүү жолун жөнөкөйлөттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындан ары жеке сектордо жашаган шаардыктар уруксат алуу үчүн кезекке туруп, убакыт коротпостон почта, терминал жана электрондук капчык аркылуу төлөө жолу менен түну менен сугарууга «Бишкексууканал» башкармалыгынан уруксат алууга мүмкүнчүлүгү бар.

«Мисалы, аянты 1,5 сотка же, 150 м2 жерди сугаруу үчүн 1 айда — 148,17 сом, ал эми сугаруу сезонунда, май айынан сентябрь айына чейин — 740,83 сомду түзөт», -деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби