06:37
USD 69.84
EUR 79.25
RUB 1.06

Сокулукта сугат суусу жок түшүмдөр күйүп кетти деген сөз чындыкка дал келбейт

Чүй облусуна караштуу Сокулук райондук суу чарба башкармалыгы сугат суунун жоктугуна нааразы болушкан фермерлерге жооп кайтарышты.

Аталган башкармалыктын башчысы Кубанычбек Жумашалиевдин айтымында, суга суу боюнча көйгөй жок. Каналдардын баары толуп турат.

«Жүгөрү талааларынын 80 пайызы сугарылып бүттү. Кээ бир дыйкандар сугарыла турчу аймактын чек арасынан алыс жерге өсүмдүктөрүн айдап алышып, суу жетпейт деп нааразы болушууда. Суу жетпей түшүмдөр күйүп кетип жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт», — деди Кубанычбек Жумашалиев.

Буга чейин айылдын тургундары сугат суунун жоктугун айтып нааразы болушкан. Алар миллиондогон чыгашаларга учурагандарын айтып, акимиат менен айыл өкмөттөргө чыгымдардын ордун толтуруп бергиле деп талап кылышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар