03:42
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Рязанда ооруканада оор абалда жаткан кыргызстандыкты алып келүү үчүн акча керек

Орусиянын Рязань шаарынын ооруканасында эки айдан бери оор абалда жаткан 1979-жылы туулган Сүйүтбек Ашимбаев кыргыз жаранын мекенине алып келүү үчүн акча топтолууда. Бул тууралуу Москва шаарындагы кыргыздардын диаспора өкүлү Улан Кошматов билдирди.

Анын айтымында, Сүйүтбек Ашимбаевдин абалы оор. Даарыгерлер анын жакындарына мекенине алып кетүүнү сунушташкан.

Белгилей кетсек, апрель айынын башында Рязань облусунун Шацк шаарында кыргызстандыктар бара жаткан ууна жол кырсыгына кабылып, 8 жаран жапа чеккен.

«Сүйүтбек Ашимбаевди карап жаткан бир туугандары аны алып кетүү үчүн акчалай жардам сурап жатышат» — дейт Улан Кошматов.

Сбер Банк картасы: 4276380170153030 Сүйүтбек А.

Эң көп окулган жаңылыктар