14:40
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Балыкчыдагы жол кырсыгы. Шаардык милициянын мурдагы башчысы бошотулду

12 жаштагы кызды коюп кеткен Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бектур Осмонбаев эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулду. Чечимди шаардык сот кабыл алды.

Айыпталуучуга карата козголгон кылмыш иши тараптардын жарашуусуна байланыштуу токтотулду.

Кылмыш ишин токтотуу тууралуу өтүнүчтү жабырлануучу тарап бергени белгилүү болду.

Ошондой эле Бектур Осмонбаевге «анча оор эмес» кылмыш иши боюнча айып тагылгандыктан дагы сот ушундай чечим чыгарган.

Эске салсак, 26-январда Балыкчыдагы Аманбаев жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочу бешинчи класстын окуучусун коюп кетип, окуя болгон жерден качып кеткен. Бектур Осмонбаевдин иниси жол кырсыгы учурунда машинени ал айдап баратканын айтып, күнөөнү мойнуна алууга аракет кылган. Кыздын атасы рулда Балыкчы шаардык милициясынын башчысы болгонун айткан. Кийинчерээк атасы дооматтарынан баш тартып, арызын кайтарып алган.

Ички иликтөөнүн жыйынтыгы менен Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы жана иниси кызматтан бошотулганы белгилүү болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар