21:20
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Орусияда жол кырсыгынан 8 кыргызстандык жабыркады

Орусияда жол кырсыгынан 8 Кыргызстан жараны жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 1-апрель күнү саат 09:30 чамасында Рязань облусунун Шацкий районунда, Урал М5 унаа жолунун 377-чакырымында катталган. «Хонда-Степ» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдун жээгиндеги электр карагайын сүзгөн.

Жол кырсыгынын кесепетинен унаанын ичиндеги 8 адам жабыркап, Шацкий райондук ооруканасына жеткирилген.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча жабыркагандар Кыргызстандын жарандары.

Эң көп окулган жаңылыктар