14:02
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкекте жүк ташуучу унаа 10 жаштагы кызды коюп кетти

Бишкекте бүгүн эртең менен жүк ташуучу унаа 10 жаштагы кызды коюп кетти. Бул тууралуу милициянын Кайгуул кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, кырсык Автосборочная көчөсүндө саат 10:25те болгон.

Унаанын айдоочусу кызды сүзүп, окуя болгон жерден кетип калган. Бирок шектүү милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Ал 1997-жылы туулган А.А. аттуу жаран болуп чыкты.

Окуучу кыз алган жаракаттарынан улам тез жардам келгенге чейин кырсык болгон жерде каза болду.

Шектүү андан аркы териштирүү үчүн тергөө органдарына жеткирилди. Айдоочунун унаасы айып короого токтотулду.

Эң көп окулган жаңылыктар