11:52
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Казакстанда массалык жол кырсыгы болуп, 26 унаа кагышты

Катуу борошо жана тоңголоктон улам Батыш Европа - Батыш Кытай автожолунда, Жуалин районундагы Нурлыкент айылынын жанында массалык жол кырсыгы катталып, 26 унаа кагышкан. Бул тууралуу Tengrinews.kz кабарлады.

Жамбыл облустук полиция департаментинин маалыматы боюнча, массалык жол кырсыгы 31-январда эртең менен жолдун 567-чакырымында болгон.

Фото Жамбыл облусундагы жол кырсыгы

«Аба ырайынын начардыгынан улам төрт жүргүнчү автобус, төрт жүк ташуучу унаа жана жеңил унаалар кагышкан. Жол кырсыгынан каза болгондор жок. Момышулы айылындагы борбордук райондук ооруканага 25 адам кайрылган», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар