11:27
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Чырпыкты айылында кызматтык унаа кичи автобус менен кагышып, үч адам каза болду

Ысык-Көл облусунун Чырпыкты айылында жол кырсыгынан үч адам каза болду. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда кырсыктын видеосу тараган.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ болжол менен саат 12.50дө Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунда болгон. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин кызматтык унаасы менен «Даймлер-Крайслер D312» машинеси кагышкан.

Кызматтык унаадагы эки адам жана айдоочу каза болду. Жабыркагандардын саны такталууда.

Унаалар айып короого токтотулуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар