16:44
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ала качуунун курмандыгы. Жайыл райондук милиция бөлүмүндө бычакташуу

Чүй облусуна караштуу Жайыл райондук ИИБнын кеңсесинен 29 жаштагы Таластын тургуну кызга бычак сайып өлтүрдү. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине аталган облустун ИИББсы билдирди.

Маалыматка караганда, Таластын тургуну жабырлануучу кызды ала качууга аракет кылган. Аларды милиция бөлүмүнө алып келишкенде, кылмышкер адегенде кызга бычак сайып, кийин өзүнө сайган.

«27-майда болжол менен саат 22:00дө Биринчи Май РИИБга кыз ала качуу боюнча билдирүү келип түшкөн. Милиция кызматкерлери Сосновка айылынан окуяга тийиштиги бар делген унааны токтотушуп, ичиндеги 3 жаранды Жайыл райондук ИИБга алып келишкен. Документтерди толтуруу маалында, кылмышка шектүү кыз отурган бөлмөгө кирип, эшикти жаап алган. Милиция кызматкерлери эшикти сындырып киришкенде, канга чыланып жаткан кызды жана кылмышкерди көрүшкөн», - деп билдирди ИИББ.

Жабырлануучу кыз эсине келбей каза болду. Ал эми кылмышкер жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Учурда иликтөө иши жүрүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар