13:55
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Бишкекте мектеп лагерлери 4-июндан 29-июнга чейин иштешет

Бишкекте мектеп лагерлери 4-июндан 29-июнга чейин иштешет. Бул тууралуу мэриянын билим берүү башкармалыгынан билдиришти.

Анын айтымында, жайкы эс алууга карата мектеп лагерлери 3500 баланы кабыл алууга даяр. Балдар аталган жайда саат 8ден 14:00гө чейин убактыларын өткөрүшөт.

Ар бир баланын күнүнө эки маал тамактануусуна шаардык бюджеттен 44 сом каралган. Балдарын лагерге берүүнү каалаган ата-энелер арыз менен кайрыла алышат. Биринчи кезекте аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары кабыл алынат.

Эң көп окулган жаңылыктар