14:52
USD 69.08
EUR 81.24
RUB 1.05

Лейлекте кайрадан сел. Унаа жол жабылды

Лейлектин Сумбула айылында кайрадан сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Алардын маалыматында, кечээ кечке жуук Көк-Таш — Андарак унаа жолунун 20 метр аралыгын кокту колоттон келген шагыл аралаш суулар каптады. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

14-май күнү Лейлекте катуу сел жүрүп, бир нече үй жана короолорду суу каптап, мал жана ууналарды агызып кеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар