12:21
USD 69.83
EUR 78.79
RUB 1.03

Ушу боюнча кыргызстандык спортчулар Европа чемпионатында жеңүүчү болушту

Ушу боюнча кыргызстандык спортчулар Европа чемпионатында жеңүүчү болушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Ушу федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, турнир Москвада өтүп, ага 16 мамлекеттин спортчулары катышкан.

Кыргызстандык спортчулар аскер техникаларын, тайцзи жана сунси ыкмаларын топтун, жаанын жана таяктын жардамы менен көрсөтүштү.

Жыйынтыгында Наталья Нещерет, Евгений Лопаткин, Кокумбек кызы Элес, Любовь Серякова аттуу спортчулар коло медалын багындырышты.

Эң көп окулган жаңылыктар