18:03
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Жээнбеков: Кыргыз жергесине дайыма Орозо айындагыдай нур төгүлүп турсун

Президенти Сооронбай Жээнбеков жалпы момун мусулмандарды Орозо айынын башталышы менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Куттуктоосунда мамлекет башчы, Орозо руханий тазалануунун, тынчтыктын жана кечиримдүүлүктүн айы экенин баса белгилеген.

«Орозо айында береке жаап, коомдогу жана үй-бүлөдөгү ынтымак бекемделет. Момун мусулмандар жаман сөздөн алыс болуп, муктаждарга садага берип, тууганчылык, достук мамиле артып, соопчулук иштер арбын жасалат. Жан дүйнөбүз арууланып, таза ниетибиз менен адал иштерди аткарып, бири бирибизге жакшылык тартуулаганга умтулабыз.

Бул айда Жаратканыбыздын ыраазычылыгына ээ болуу — баарыбызга насип этсин. Кыргыз жергесине дайыма ушул Орозо айындагыдай нур төгүлүп, ар бир үйдө бак-таалай, ырыс-береке толуп турсун! Элибиздин пейили кенен, ынтымагы бекем болсун! Эгемендүү Кыргыз мамлекетибиз өнүгүп өссүн! Орозоңуздарды Жараткан кабыл кылсын!», — деп жазылат мамлекет башчынын куттуктоосунда.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума