Абитуриентти окууга өткөрөм деп 2 миң долларын алдап алган жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга жабырлануучу арыз менен кайрылган. Анда 2017-жылы жаран абитурентти шаардагы жогорку окуу жайлардын бирине өткөрүүнү убада кылып, 2 миң долларын алып алып, изин жашырып кеткени жазылган.
Аталган факт боюнча Октябрь райондук ИИБ тарабынан «Алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында 1966-жылы туулган С.Э. аттуу жаран шектүү катары кармалган.
Учурда ал камакка алынып, тергөө амалдары жүрүп жатат.