Бишкектин Орто-Сай базарына бомба коюлганы тууралуу маалымат тарады. Кабарды «24.kg» агенттигине УКМК тастыктады.
Маалыматка ылайык, 12:30да «102» кызматына, белгисиз киши телефон чалып, Орто-Сай базарына бома коюлганы тууралуу маалымдаган.
«Учурда базардын аймагы курчоого алынып, текшерүү иштери жүрүп жатат », - дейт УКМК.