11:12
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Ошто притондор менен күрөшүү күч алды

Ошто жашыруун иш алып барган сойкуканалар менен күрөшүү иши күч алды. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБнын башчысы Мурат Боронов билдирди.

Анын айтымында, шаарда жашыруун сойкуканаларды ачуу боюнча үч кылмыш иши козголду.

«Учурда тергөө жүрүп жатат. Притондор жана бир күнгө берилүүчү батирлер текшерилүүдө. Шаардагы бир күнгө берилүүчү батирлердин биринен жакында эле кишинин жансыз денеси табылды», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар