08:52
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Жалпы республикалык тестирлөө башталды

Бүгүн жалпы республикалык тестирлөө башталды. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, тестирлөөнүн бир нече варианты каралган. Андан тышкары металлодетектерден өткөрүү ыкмасы дагы киргизилген.

Ал бүтүрүүчүлөрдүн өзү менен кошо чөнтөк телефонду алып кирүүсүнө тыюу салат. Эгер тест учурунда абитуриенттин жанынан уюдук телефон табылса, ал эч кандай түшүндүрмөсүз тесттен чыгарылат жана кайра тапшыруу укугун дагы жоготот.

Быйыл 62 миң 11-класстын окуучусу мектепти аяктайт. Тестке 40 миң абитуриент каттоодон өткөн. 17- майда кечигип калгандар үчүн республиканын бардык аймактарында каттоо жүргүзүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума