03:14
USD 89.11
EUR 94.62
RUB 0.95

Лейлекте бензовоз сайга кулап, 31 тонна дизель майы куюлду

Лейлек районунун Кулунду айылынын Кушлук-Сай сел өтүүчү сайдагы селден жабыр тарткан көпүрөдөн өтө албай бензовоз сайдын ичинде кулап кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, бензовоздун ичинде 31 тонна солярка болгон. ӨКМнын куткаруучулары кулаган унаадагы солярканы сордуруга жардам беришкен.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби