Аалымдар Кеңеши тарабынан Рамазан айынын башталышы 17-майга белгиленди. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ислам шариятында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Жогоруда көрсөтүлгөн күн айдын чыгуусу боюнча бир күнгө айырмалануусу мүмкүн.