21:37
USD 68.90
EUR 80.95
RUB 1.04

ЖЭБдин импульстук чубалгыларын жылуулоого 11,2 миллион сом бөлүнөт

Бишкек жылуулук электр борборунун импульстук чубалгыларын жылуулоого 11,2 миллион сом бөлүнөт. «Электр станциялары» ишканасы жылуулук иштерин камсыздоо боюнча тендер жарыялады.

Маалыматка ылайык, айрым импульстук чубалгылар алмаштырылат. Негизги жумуш жылуулук казандарынын чубалгыларын бекемдөөгө багытталат.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын январында ЖЭБде катталган авариядан соң импульстук чубалгылар тоңо баштаган.

Эң көп окулган жаңылыктар