Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн имам хатиби Бердикул ажы Аширов өз каражатынан айылга таштанды салуучу урналарды орнотту. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Андан тышкары элди тазалыкка чакырган баннерлерди чыгарып, көчө бойлоруна жайгаштырды. Бердикул ажы Ашировдун айтымында, айылдын жүзү тазалыкта жана аны сактоодо дин кызматкерлери үлгү болушу керек.