13:06
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Дин кызматкерлери айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Майлуу-Суу шаардык хатибияты жана «Баатыр» акционердик коомунун демилгеси менен маршруттук таксилердин айдоочуларына жыйын өткөрүлүп, анын алкагында айдоочуларга жол эрежелери жана адам өмүрүнүн баалуулугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Иш чаранын максаты ар кандай кырсыктардын алдын алып, калкка татыктуу кызмат көрсөтүүдө айдоочунун жоопкерчилигин күчөтүү болуп саналат.

Демилгени айдоочулар колдоого алышып, жол кырсыктарын болтурбоого салым кошоорун билдиришти«,-деди «Баатыр» акционердик коомунун директору Чырмаш Эргешов.

Ал эми Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков мас абалында унаа башкаруу жана жол эрежелерин сактабагандыктын кесепеттерин айтып, айдоочу ар дайым өз жанын жана жүргүнчүлөрдү унутпашы керектигин баса белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-март, шейшемби
18-март, дүйшөмбү