06:55
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ош мыйзамсыз курулуштарга каршы. Шаар бийлиги жол четин бошотуп баштады

Ошто жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жолдорго чыгып алган ар кандай курулуштар бузулууда. Бул тууралуу каала мэриясы маалымдайт.

Ленин көчөсүнүн С. Бахапова көчөсүнөн Нурматов көчөсүнө чейинки аралыгынын чыгыш тарабындагы жөө адамдар жүрүүчү жолдорду калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

Жалпылап айтканда бардык тийиштүү мекеме ишканалардын кыматкерлеринин катышуусунда атайын рейддер 3 күндөн бери уюштурулууда. Мыйзамсыз курулуштарды алып салуу бөлүмү тарабынан өзүнүн аймагынан ашыкча ээлеп алган 21 турак жайлар аныкталып темирден болгон тосмолор кесилип алынып салында.

Мэрия мындай иш аракеттерди шаардын бардык аймактырында уланмакчы.

Эң көп окулган жаңылыктар