05:45
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

Калктын саны өсүүдө. Үч айда былтыркыдан 10 миңге көп бала төрөлдү

2018-жылдын биринчи жарымында балдардын төрөлүүсү боюнча статистика Кыргызстандын демографиялык көрсөткүчүнүн өскөндүгүнөн кабар берет. Бул тууралуу бүгүн, маалымат жыйынында Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын үч айында 42 миң 411 бала төрөлгөн. Ал өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10 миң 939кө көп.

Ошондой эле жыйында 2017-жылга салыштырмалуу 2018-жылы аты-жөнүн алмаштыргандар дагы азайгандыгы маалым болду. Маселен, 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында аты-жөнүн алмаштырган 8 миң 773 киши катталса, быйылкы жылдын биринчи жарым жылдыгында 2,40 пайызга азайган. Мамлекеттик каттоо кызматы муну калктын мамлекеттик бирдиктүү тизмесинин түзүлүшү менен байланыштырат.

Эң көп окулган жаңылыктар