08:32
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Январь-февраль айында Ош шаарына 35 миң 985 адам көчүп барды

Ош шаарында айрым мамлекеттик каттоо кызматкерлери турак жай ээсинин макулдугусуз жарандарды туруктуу каттоого алганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Көзөмөл орган маалымдагандай, 2020-жылдын январь-февраль айларында паспорттоштуруу жана калкты каттоо органдары Ош шаарында 35 миң 895 кишини, Каракол шаарында 3 миң 159 кишини каттоого алган.

Башкы прокуратура бир даректе 700дөн ашуун, башка биринде миңден ашуун киши катталганын, бирок ал жерлерде эч ким жашабай турганын билдирди. Дагы бир үйдө 900дөн ашуун киши катталган, бирок үйдүн ээси аларды тааныбай турганын жана катталууга уруксат бербегенин айткан.

Каракол шаарындагы текшерүү учурунда 100дөн ашуун жаран окуу жайлардын бирине таандык киши жашабаган имаратка катталганы аныкталган.

Буга чейин БШК жергиликтүү кеңештерге шайлоолордун алдында бир катар шаарларда катталуучулардын саны кескин көбөйүп кеткенин билдирген. Бул маселе парламентте да талкууланып, депутаттар Борбордук шайлоо комиссиясы менен башка жооптуу органдардан бул маселени чечүүнү жана таза шайлоо өткөрүүнү камсыздоону талап кылышкан. Кийинчерээк Башкы прокуратура Ош шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо алдында жапырт добуш сатып алууга байланыштуу сотко чейинки өндүрүш иши башталганын кабарлаган.

Жергиликтүү кеңештерди шайлоо 12-апрелге белгиленген. Анда Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын аймактарындагы 26 айылдык кеңешке жана Каракол, Балыкчы, Токмок, Ош, Майлуу-Суу шаардык кеңештерине депутаттарды шайлоо өтмөкчү

Эң көп окулган жаңылыктар