19:01
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Ош базарындагы өрттөн жабыркаган соодагерлер митингге чыгышты

Ош базарында катталган өрттөн жабыр тарткан соодагерлер кайрадан Акүйдүн алдына митингге чыгышты.

Алар компенсация жана иш орундарын талап кылышууда.

«Биз иш орундарыбызды тезинен аныктап берүүнү талап кылабыз. «Берекет гранд» соода борборунун алдынан эч кандай шарты жок жер сунушталууда. Ошондой эле эч кандай компенсация болбой турганын айтышууда. Жардам берилмейин митинг уланат. Болгон товарыбыз күйүп кетти, жаңы орун бөлүп берген шартта деле кайсы каражатка иш баштайбыз?» — дешти алат.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби