01:43
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Бишкектеги жеке менчик мектепте өрт чыгып, 600дөй адам эвакуацияланды

Бишкекте Алыкулов көчөсүндө жайгашкан мектеп-интернатта өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө эки күжүрмөн эсеп тартылды.

600дөй адам эвакуация болуп, тилсиз жоо саат 14:53тө толугу менен өчүрүлдү. Жабыркагандар жок.

Алдын ала маалымат боюнча, мектеп-интернатынын жыйындар залынын 50 чарчы метр чатыры күйүп кетти.

Эң көп окулган жаңылыктар