22:36
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Стамбулдагы түнкү клубда өрт чыгып, 29 адам каза болду

Стамбулдун «Бешикташ» районундагы турак үйдөн чыккан өрттө кеминде 29 киши каза тапты. Бул тууралуу BBC билдирди.

Буга чейин Стамбул провинциясынын губернатору Давут Гүл 25 адам каза болгонун, дагы үчөө оор жаракат менен ооруканада экенин билдирген.

«Өрттөн каза болгондордун саны 29га жетти. Кырсыктан жабыркаган бир адамды дарылоо уланууда. Имаратта иштер улантылууда», — деди ал.

Гүл билдиргендей, өрт жергиликтүү убакыт боюнча саат 12.47де «Гайреттепе» («Бешикташка» кирет) районундагы 16 кабаттуу турак үйдүн жер төлөсүндө чыккан. Жер төлөнүн эки кабатында оңдоо иштери жүрүп жаткан Masquerade түнкү клубу жайгашкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, каза болгондордун баары клубда иштеп жаткан курулушчулар болгон.

Бийлик өрттүн келип чыгуу себептерин иликтеп жатат. Кырсыкка байланыштуу сегиз адам, анын ичинде мекеменин жетекчилиги кармалганын түрк маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Эң көп окулган жаңылыктар