16:13
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Салык кызматынын төрагасынын жаңы дайындалган орун басары ишке чыкпай жатат

Мамлекеттик салык кызматынын жетекчисинин жаңы орун басары Замирбек Чекирбаев ишке чыга элек. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине жеке булактар билдирди.

Маалыматка ылайык, Замирбек Чекирбаев жаңы кызматка дайындалгандан кийин ал кош жарандуулукка ээ деген маалымат тараган. Өкмөт мындай маалыматты четке какты, бирок кош жарандуулукка ээ эмес экендигин дагы далилдеген жок.

Ал эми Замирбек Чекирбаев менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Кабылдамасынан анын иш ордунда жок экенин билдиришти.

Эң көп окулган жаңылыктар