23:16
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Салык кызматы 9 айда 178,6 миллиард сом салык жыйнады

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын январь-сентябрь айларында 178 миллиард 654,2 миллион сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады. Бул тууралуу кызматтын басма сөз бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, белгиленген план 2,1 миллиард сомго ашыгы менен аткарылган.

2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30,5 миллиард сомго көп чогултулду.

Чогулган каражаттардын түзүмүндө 132 миллиард 54,2 миллион сом салык жана төлөмдөргө, 46 миллиард 600 миллион сом камсыздандыруу төгүмдөрүнө тийиштүү.

Салыктык башкарууну жакшыртуу жана күчөтүү, ошондой эле ишкерлерди онлайн тейлөөгө өткөрүү пландык көрсөткүчтөрдүн ашыгы менен аткарылышында негизги ролду ойноду.

Контролдук-кассалык машиналарды, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды, электрондук эсеп-фактураларды жана санариптештирүүнүн башка долбоорлорун киргизүү жана колдонуу салыктарды чогултуу процессинин натыйжалуулугун кыйла жакшыртты.

Мындан тышкары, салык төлөөчүлөрдүн арасында салык мыйзамдарынын ченемдерин колдонуу жана санариптик салык кызматтарын колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү да өз жемишин берүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар