19:13
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Жыл башынан бери жарандар 2,9 миллиард сом мүлк салыгын төлөдү

Жыл башынан бери 2 миллиард 925,1 миллион сом мүлк салыгын чогултту. Белгиленген план 310,4 миллион сомго ашыкча аткарылган. Бул тууралуу Салык кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган сумманын 1,1 миллиард сомун кыймылсыз мүлк салыгы (турак үйлөр жана батирлер), 948,2 миллион сомун үй жанындагы жер участокторуна салык жана 871,5 миллион сомун унаа каражаттарына салык түзөт.

Эске салсак, 1-сентябрда унаа каражаттарына, турак үйлөргө, батирлерге, ошондой эле үй жанындагы, короо жай жана бак-чарба жер тилкелерине салык төлөө мөөнөтү аяктады.

Салык төлөө мөөнөтү быйыл 1-сентябрда аяктаганына карабастан, бул салыктарды башкаруу уланууда.

Мыйзамга ылайык, салыкты белгиленген мөөнөттө төлөй албаган мүлк ээлери салык милдеттенмесинин негизги суммасынан тышкары, административдик айып пул жана өтүп кеткен ар бир күн үчүн туум төлөөгө аргасыз болушат. Жеке жактар үчүн айып пулдун өлчөмү 1 миң сом, юридикалык жактар үчүн 5 миң сом. Туум күн сайын салыктын суммасынан 0,09 пайыз өлчөмүндө эсептелет.

Салык кызматы өз убагында салык төлөбөгөн жарандарды туумдун эсептелишинен качуу үчүн азыр төлөөгө чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар