00:26
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Жыл башынан бери дээрлик 200 миллиард салык жана төлөмдөр чогултулду

2023-жылдын он айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда 199 миллиард 938,5 миллион сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылга салыштырмалуу көрсөткүч 34,1 миллиард сомго өскөн. Белгиленген план 2,9 миллиард сомго ашыкча аткарылган. 147 миллиард 999,1 миллион сом салык жана төлөм, 51 миллиард 939,4 миллион сом камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулган.

«Салыктык башкарууну жакшыртуу жана күчөтүү, ошондой эле ишкерлердин онлайн тейлөөгө өтүшү пландык көрсөткүчтөрдү ашыра аткарууда негизги ролду ойноду. Контролдук-кассалык машиналарды,  электрондук коштомо кагаздарын, электрондук эсеп-фактураларды жана башка санариптештирүү долбоорлорун киргизүү жана колдонуу салыктарды чогултуу процессинин натыйжалуулугун жакшыртты», — деп белгиледи Алтынбек Абдувапов.

Эң көп окулган жаңылыктар