04:20
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Жыл башынан бери казинолор 68 миллион 850 миң сом салык төлөдү

2023-жылдын январь — октябрь айларынын жыйынтыгы боюнча эки казинонун ишинен 68 миллион 850 миң сом салык түштү. Мындай маалыматтарды Финансы министрлиги билдирди.

Акыркы айда казына салыктын бул түрүнөн 9,9 миллион сомго толукталды.

Мындан тышкары, он айдын ичинде бюджетке букмекердик конторалардан жана тотализаторлордон дагы 2,8 миллион сом жана компьютердик оюн автоматтарынан 80 миң сом түшкөн.

Ошентип, ушул жылдын он айында эле оюн-зоок ишинен өлкө бюджети 71 миллион 730 миң сомго толукталды.

Эң көп окулган жаңылыктар