02:47
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Жыл башынан бери бюджетке казинодон 58,9 миллион сом салык түшкөн

2023-жылдын январь — август айларынын жыйынтыгы боюнча эки казинонун ишмердүүлүгүнөн түшкөн салык 58 миллион 950 миң сомду түздү. Мындай маалыматтарды Финансы министрлиги келтирет.

Акыркы айда казына салыктын бул түрүнөн 12,6 миллион сомго толукталган.

Мындан тышкары, дагы 2,1 миллион сом казынага букмекердик кеңселердин жана тотализаторлордун ишинен жана 80 миң сом оюн автоматтарынан түшкөн.

Ошентип, ушул жылдын тогуз айында эле оюн-зоок ишинен өлкө бюджети 61 миллион 130 миң сомго толукталды.

Эң көп окулган жаңылыктар