02:41
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

2023-жылдын январь — ноябрь айларында казинолор 86,1 миллион сом салык төгүштү

2023-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча эки казинонун ишинен түшкөн салык 86 миллион 147 миң сомду түздү. Маалыматты Финансы министрлиги билдирди.

2023-жылдын ноябрында казына салыктын бул түрүнөн 17 миллион 297 миң сомго толукталды.

Мындан тышкары, өткөн жылдын 11 айында казынага букмекердик кеңселердин жана тотализаторлордун иштөөсүнөн дагы 3,5 миллион сом жана оюн автоматтарынан 80 миң сом түшкөн.

Жалпысынан 2023-жылдын январь — ноябрь айларында оюн-зоок ишинен өлкө бюджети 89 миллион 727 миң сомго толукталды.

Эң көп окулган жаңылыктар