17:57
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Исаков: Тогуз-Тороодо катталган окуяга саясатчылардын катышы бар

«Тогуз-Тороодо катталган окуяга саясатчылардын катышы бар. ИИМ териштирүү үчүн убакыт керек экенин айтты». Мындай пикирди «Кыргызстан» фракциясынын отурумунда премьер-министр Сапар Исаков билдирди.

Өкмөт башчы аталган маселе боюнча Жогорку Кеңештин колдоосун күтүп жатканын айтты.

«Катуу чара көрүүдө жардам бересиздер деп ишенем. ИИМ учурда бардык аракеттерди көрүп жатат», -деди ал.

Эскерте кетсек, апта башында Тогуз-Торо районунун тургундары аймакта курулуп жаткан кытайлык кен ылгоо комбинатын өрттөп, жабдыктарын талкалап салган.

Эң көп окулган жаңылыктар