04:57
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Тогуз-Тороонун тургундары «Макмал алтын» комбинатын өрттөштү

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Тороо районунун тургундары каршылык акциясына чыгып, «Макмал алтын» комбинатын өрттөштү. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине митингге чыккандар билдирди.

Маалыматка ылайык, митингге үч миңге чукул адам чыккан. Алар алтын комбинатын жабууну талап кылууда.

«Фабрика экологияга зыян калып келип жатат. Учурда митингге чыккандардын саны өсүүдө», — деди алар.

Эскерте кетсек, Тогуз-Тороонун тургундары буга чейин дагы бир нече жолу каршылык акциясына чыгышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар