11:55
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Таласта жол коопсуздугуна байланыштуу «Адам жаны аманат» аттуу акция уюштурулду

Талас облусунун мусулмандар казыяты ИИМдин Талас облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы менен биргеликте «Адам жаны аманат» аттуу акциясын өткөрүштү. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Жол эрежесин сактоо боюнча уюштурулган акция алгач Талас шаарынын борбордук аянтында башталып, унаалар жана жөө жүргүнчүлөр көп жүргөн базардын айланасында улантылды. Иш чарага Талас облусунун мусулмандар казысы Таалайбек ажы Бапиев жана ЖКККнын Талас облустук башкармалыгынын башчысы Мырзаканов Майрамбек катышып, айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө атайын даярдалган белектерин жана жол эрежеси көргөзүлгөн баракчаларды таркатышып, жол эрежесин так сактоого чакырышты.

Казыят кызматкерлери адам жаны аманат экендигин ар бир айдоочуга жана жөө жүргүнчүлөргө шарияттын негизинде кыскача түшүндүрмө беришсе, ЖКККнын Талас облустук башчысы Мырзаканов Майрамбек жол эрежесин сактоо менен адам өзүнүн жоопкерчилигин күчөтө тургандыгын билдирди. Ошондой эле Майрамбек Мырзаканов бул түшүндүрүү иш аракеттери бир тараптуу болуп келсе, бүгүн Талас облусунун мусулмандар казыяты менен биргеликте жогорку деңгээлде өткөрүлгөндүгүн кошумчалап, имамдарды көпчүлүк угуп аларды урматтаарын белгилеп, демилгечилерге жана Талас облусунун мусулмандар казыятына терең ыраазычылыгын билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби
23-апрель, шейшемби