17:07
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Парламенттин эки фракциясы башкы прокурор Индира Жолдубаевага үч койду

«Республика — Ата Журт» жана «Ата-Мекен» фракциялары башкы прокурор Индира Жолдубаеванын ишин канааттандырарлык эмес тапты. Чечим бүгүнкү жыйындарда кабыл алынды.

Эки фракциянын жыйынына тең 2017-жылдагы иши боюнча отчет берүүгө башкы прокурор өзү келген жок. Социалисттер Индира Жолдубаева саясый өңүттө козгогон кылмыш иштери менен мыйзамдуулукту тепселеп, мамлекеттүүлүккө коркунуч жараткандыгы үчүн ага ишенбестик көрсөтүштү.

Депутат Эмил Токтошов башкы көзөмөл органынын жетекчисине өлкөдөн чыгууга тыюу салууну сунуштады.

«Биз бул сунушту чечимге киргизе албайбыз. Бирок, Индира Жолдубаеванын өзүнөн отставкасынан кийин өлкөдөн чыкпоону сурансак болот» — деди фракция лидери Алманбет Шыкмаматов.

Ал эми «Республика-Ата Журт» фракциясы башкы прокурор өзү келбегендигине нараазы болуп, Индира Жолдубаеванын ордуна орун басарын угуудан баш тартышты.

Эмки жумада башкы прокурордун отчету башка фракцияларда каралат. Айрым депутаттардын билдирүүсүндө, Индира Жолдубаеванын отставкасы күтүлөт.

Белгилей кетсек, Индира Жолдубаеванын кезинде Башкы прокуратура президенттин аброюн коргоо боюнча рекорд коюп, жалпы жонунан 30 миллион сомдон ашык акчага сотко доо арыз берилген. Андан тышкары, Өмүрбек Текебаев баш болгон саясатчыларга иш козголгон. 

Эң көп окулган жаңылыктар