11:57
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Депутат: «Манас» эл аралык аэробекетин өкмөт өзү иштетиши керек

««Манас» эл аралык аэробекети ири өлчөмдө каражат таба турган жер, аны туура пайдалануу керек». Мындай пикирин парламенттин жалпы жыйынында депутат Тазабек Икрамов билдирди.

«Бизде көптөгөн карылар жана балдар үйлөрү бар. «Манас» эл аралык аэробекетин өзү иштетип, кошумча каражат тапса, алар камсыз болмок. Андай кылуунун ордуна аны кайдагы бир молдован ишкерине ижарага берип салышыптыр, ошо кантип болсун. Өкмөт ошол фирмаларды иликтеп чыгып, бизге маалымат берсин», — деди депутат.

Эң көп окулган жаңылыктар