01:59
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Бак-дарактар жашасын! «Думуккан» шаардыктар мэрдин отставкасын талап кылууда

Бишкек тургундары мэриянын алдына чогулуп, калаа башчысы Албек Ибраимовдун кызматтан кетүүсүн талап кылууда.

Тургундар аны паракорчулук боюнча айыптоодо.

"Бак-дарактар массалык түрдө кыйылып жатат. Бийлик коррупцияга белчесинен баткан. Алар барган кадамдары үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек«,- дейт жашылдар партиясынын төрагасы Эркин Булекбаев.

Алар колдоруна «Биз думугуп жатабыз!», «Мэр, кетсин!» жана «Мэр, чык эшикке!» деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп алган.

Эң көп окулган жаңылыктар