15:58
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Акүй: АКШ жана Орусия президенттери ыктымал жолугушууну талкуулашты

Трамптын администрациясынын басма сөз катчысы Сара Сандерс эки лидердин 20-марттагы телефондук сүйлөшүүсүндө ыктымал жолугушууну өткөрүү үчүн бир нече имарат, анын ичинде Ак үй тууралуу да сөз болгонун айтты.

Сара Сандерс ыктымал жолугушуунун датасын атаган жок, жакынкы келечекте болушу мүмкүн экенин билдирди.

Буга чейин Кремлдин жогорку кеңешчиси АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путинди Ак үйгө келип кетүүгө чакырганын билдирди. Орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков 2-апрелде жаңылыктар агенттиктерине кабарлагандай, Трамп мындай сунушун өткөн айда Путинди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктаганы чалганда айткан.

Дональд Трамптын Путинге телефон чалганы карама-каршылыктуу пикирлерди жараткан. Себеби анын алдында Трамптын кеңешчилери орус шайлоосундагы мыйзам бузууларды жүйө кармап, Путинди куттуктабоого үндөгөнүн маалымат каражаттары жазып чыгышкан.

Өткөн аптада Кремлдин маалымат кызматы орус президенти Владимир Путин АКШдан 60 орус дипломатынын чыгарылышына карабай, Дональд Трамп менен жолугууга даяр экенин, бирок «бардыгы америкалык кесиптештерге көз каранды» экенин маалымдаган.

Эң көп окулган жаңылыктар