08:56
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Оштогу кургак учукка каршы күрөшүү борборунда кымырып 2,2 млн сом аныкталды

Ош областтык кургак учукка каршы күрөшүү борборунда 2,2 млн сомго товардык материалдык баалуулуктардын жетишпестигин аныкталды. Бул тууралуу эсептөө палатасы билдирет. 

Эсептөө палатасы Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан 2017-жылга Ош областтык Кургак учукка каршы күрөшүү борборуна аудит жүргүздү.

Аудиттин жүрүшүндө Ош областтык кургак учукка каршы күрөшүү борбору тарабынан Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамын бузуу менен сатып алуулар жол-жоболорун жүргүзбөстөн товардык материалдык баалуулуктарды, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алганы аныкталды. Ошондой эле, бухгалтердик эсеп жана финансылык отчетторду түзүүдө туура эмес маалыматтар колдонулуп, анын натыйжасында товардык-материалдык баалуулуктардын 2252,3 миң сомдук жетишпестигине жол берилген.

Аудиттин материалдары укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына берилет.

Ош областтык Кургак учукка каршы күрөшүү борборунда аудит Эсептөө палатасынын планына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда жана Бирдиктүү төлөөчү системасындагы саламаттык сактоо уюмдарынын аудитинин алкагында жүргүзүлүүдө. Учурда аудит улантылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар