20:35
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Куран окуу боюнча жарыш жыйынтыкталды. Биринчи орун экиге бөлүндү

«VIII Республикалык Курани Карим жарышы» жыйынтыкталды. Биринчи орунду Бишкек шаарынан Аятулло Умаров  жана Нарын облусунан Алижан Сатторов ээлешти. Алар 370 миң сом байгени бөлүш алышты. Бул тууралуу муфтият маалымдайт.

Баткен облустунан келген 9 жашар Пазылов Мухаммадазиз Куранды жаттап окугандыгы үчүн өзгөчө сыйлык иретинде 10 000 сом менен сыйланды.

Калган катышуучуларга катышкандыгы үчүн 4000 сом сыйлык берилди.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгыменен «АдепБашаты» коомдукпрогрессивдүү фонду биргеликте жыл сайын жалпы Республикалык Курани Карим жарышын өткөрүп келет. Ушу жылкы жарыш Сегизинчи ирет өттү.

Финалга жалпы Республикадан 300-дөй адамдын арасынан тандалып алган эң мыкты 25 окуучу катышышты.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума