Ош шаарында 25-апрелде 1-май — Эмгек күнүнө карата кесиптик бирлик мүчөлөрү арасында спорттук чуркоо өтөт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Кыргызстандын Кесиптик бирликтер федерациясынан (КБФ) билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындан эки жыл мурун ушундай эле марафон Бишкек шаарында уюштурулуп, ага 1,5 миңге жакын адам катышкан.
«Ал убакта Ош шаарында да чуркоого катышууну каалагандар көп болгон. Бул ирет миңге жакын эмгекчинин башын бириктирүүнү пландап жатабыз. Жөө күлүктөр «Биримдик жана ден соолук» урааны астында 5 чакырым аралыкка чуркашат. Иш-чаранын максаты — сергек жашоо образына, биримдикке чакыруу жана кесиптик бирликтердин ишмердүүлүгүн эске салуу. Биздин өкүлдөр жумуш ордунда жаракат алганда же адилетсиздикке кабылганда кайда кайрылуу керектигин айтып беришет», — деп айтылат маалыматта.
Федерация акыркы эки жылда 1-май күнү Нарын облустук администрациясы менен биргеликте жөө жүрүш өткөрүп келгенин белгиледи. Ал эми Бишкекте жана башка аймактарда акыркы жолу мындай жүрүш 10 жыл мурун — 2016-жылы уюштурулган.
«Биз ушундай масштабдуу иш-чараны өткөрүүнү каалайбыз, бирок ал үчүн макулдашуу процедураларынан өтүп, уюштуруу маселелерин чечүү зарыл. Кандай болгон күндө да, 1-майга карата ар кандай акцияларды жана марафондорду өткөрүп жатабыз», — деп кошумчалашты.

