USD87.45EUR98.04RUB1.04
24.kg

Астана соту кыздарга жоолук менен мектепке барууга уруксат берген жок

09:17, 28 марта 2018, Бишкек - 24.kg

Астана шаардык соту 27-мартта жоолугун чечпегендиктен өткөн жылдын сентябрь айынан тарта мектепке кире албай жүргөн ондогон кыздын ата-энесинин доо арызын канааттандырган жок.

Ата-энелер сот аркылуу Казакстандын Билим жана илим министрлигинин № 13 буйругун жокко чыгарууну талап кылышкан.

Министрликтин буйругунда «мектеп формасы светтик мүнөздөгү билим берүүгө ылайыктуу болушу керек, диний белгилери бар кийимге уруксат берилбейт» деп жазылган. Доочулардын билдирүүсүнө караганда, бул буйрук Жарандык жана саясий укуктар тууралуу Эл аралык пакттын 18-беренесине каршы келет.

Астана шаардык сотунун коллегиясы бул ишти карап, доо арызды канааттандырган жок. Юрист Миржан Габдуллин Казакстандын Жогорку сотуна кайрылууга ниеттенип жатканын, эгер ал жактан да терс жооп болсо, БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кат жөнөтөрүн билдирди.

Акыркы жылдары Казакстанда окуу жайларга хижаб кийген окуучу кыздар сабакка киргизбеген учурлар көбөйдү. Казак бийлиги диний белгилери бар кийим кийүүгө тыюу салып келет.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика