Болот Саткеев Сокулук районунун акими кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка премьер-министр Сапар Исаков кол койду. Анын иштен алынышына өкмөттүн Чүй облусу боюнча өкүлүнүн көрсөтмөсү себеп болгон.
Болот Саткеев аталган кызматты бир жыл иштеди.