14:41
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Токмокто каракчылыкка шектүү үч жаран кармалды

Токмокто каракчылыкка шектүү үч жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө 83 жаштагы П.Е. аттуу жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган.

Маалыматка ылайык, 3-февраль күнү болжол менен саат 18:50 чамасында 25-30 жаш курактагы европа улутундагы эки жаран, беттерин жашырып, арыз ээсинин үйүнө киришип, 83 жаштагы П.Е. жана 55 жаштагы П.В. аттуу жарандарга күч колдонуп, коркутуу жолу менен 50 миң сом акчасын алып, окуя болгон жерден изин жашырып кетишкен.

Окуя боюнча Токмок шаардык ИИБнын тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (Каракчылык) боюнча кылмыш-иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү делип, 33 жаштагы К.Н., 44 жаштагы У.А. жана З.В. аттуу жарандар кармалышып, күнөөлөрүн толугу менен моюндарына алышкан. Кармалган жарандар Токмок шаардык ИИБнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар