23:21
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Муфтия жалпы кыргыз элин ишембиликке чыгууга чакырды

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев жалпы кыргыз элин ишембиликке чыгууга чакырды. Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгы маалымдайт.

Муфтият кызматкерлери 24-мартта Жибек-Жолу проспектисинде жайгашкан борбордук мечиттин айланасын жана жол жээктерин тазалашып, таштандыларды чыгарышты. Ал эми Азерити Муфтий Максатбек ажы Токтомушев ар бир жаран өз үйүн кандай таза кармаса коомдук жайларды, мекенди дагы ошондой таза кармашы керектигин билдирди.

«Манадият-тазалыктан башталат дегендей ар жылы жаз айынын башталышы менен жалпы дин кызматкерлери ишембилик өткөрүп, көчөттөрдү отургузабыз. Быйылкы жылы дагы мына минтип жалпыбыз «Тазалык ыймандан» деген ураан алдында ишембиликке чыгып, тазалоо иштерин жүргүзүүдөбүз. Бүгүн мына республикадагы жалпы дин кызматкерлери ишембилик өткөрүүдө. Ушундан улам жалпы элибизди айлана-чөйрөбүздү таза кармоодо ишембиликке чыгууга чакырып кетем», — деди Азерити Муфтий.

Муну менен катар карылар, балдар үйлөрүндө, көчө бойлорунда, мечиттердин айланаларында тазалоо иштери жүргүзүлүп, таштандылар чыгарылууда. Ал эми Кыргызстан Ислам Университети, Бишкек шаардык казыяттарынын жана шаарга караштуу бардык диний окуу жайлардын мугалимдери ишембиликке активдүү катышууда.

Эң көп окулган жаңылыктар